Бүгүн, 18-декабрда Нарын шаарынын борбордук аянтына бир катар жергиликтүү тургундар кайрадан чогулушуп, 1-январдан тарта күчүнө кире турчу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга нааразычылыгын билдиришти.
Чогулган шаар тургундары үч жашка чейинки балдарга төлөнө турчу 700 сом суммасындагы жөлөк пул тууралуу мыйзамга нааразы экенин билдирип, чаралар көрүлбөсө ачкачылык жарыялай тургандыгын айтышты.
Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Тынчтык митингге чыккан шаар тургундары менен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолукту. Облус башчысы 13-декабрда өткөн митингде айтылган талаптар боюнча премьер-министр Сапар Исаковдун кабыл алуусунда болгонун жана жаңы мыйзамдагы "балага жөлөк" бөлүгүндө келип чыккан маселелер боюнча маалымат бергенин айтты", - деп билдирди катчы.
Ошондой эле Аманбай Кайыпов өкмөт башчы жөлөк пул айрым үй-бүлөлөр үчүн жалгыз киреше булагы экенин белгилеп, КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тез арада аз камсыз макамындагы үй-бүлөлөргө талдоо жүргүзүп, жөлөк пул төлөөгө кеткен чыгымдарды эсептөө менен тийиштүү сунуштарды киргизүү тапшырмасын бергенин билдирди.