Кыргыздын белгилүү ырчы айымы Дилшат Кангелдиеванын унаасынын эшик, терезелерин белгисиз адамдар талкалап кетишкен. Бул тууралуу ал жеке баракчасына кечээ, 18-декабрда жазган.
Анын билдирүүсүнө ылайык, унаанын эшик, терезелерин сындыргандар баштыкка салынган жаңы кийимдерин уурдап кетишкен. Ал интернеттеги баракчасына видеокөзөмөлгө тартылып калган видеону жүктөгөн.
"Замандаштар, видеодон менин унаамды тегеренип, шыкаалап, ары-бери өтүп жаткан жаштарды көрсө болот. Бири кыз, 3 эркек бала экен. Мен милицияга чалып 2 саат күтүп турдум. Үшүп кетип Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазайын деп бардым. Бирок милициянын айткан сөзүнө кыжырландым. "Эже, бир байкуш селсаяк ачка болуп айласыздан сиздин машинаңызды талкалап, ичинен уурдап кетти да. Аларга да кыйын, акчасы жок, туура түшүнүңүз", - дейт. Коомубузду тартипке салуучу орган кызматкерлерине ишенип келсе кебелишпейт. "Биз кечки тамактанууга бараттык эле, эми сиз үчүн ачка калалыбы?" - деп кайра мага милдет кылышат. "Эже, 2 жолу бар, бири - арыз жазыңыз же жазбаңыз" деген сөздү 6 жолу кайталады. Биздин Ички иштер министрлиги ушундай кызматкерлерди жумушка алса, биздин коом оңолушуна көзүм жетпей калды. Ууруларга "крыша" болуп жүргөн милиция кызматкерлерин да угуп жүрөбүз. Аман эле болушсун, ошондой деңгээлдеги милициялар", - деп жазган Кангелдиева.