Кореянын Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын элчилиги тарабынан уюштурулган мекендештердин жолугушуусу өттү (фото)

2017-жылдын 23-декабрь күнү Корея Республикасынын Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын элчилиги тарабынан уюштурулган мекендештердин жолугушуусу өттү. Иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн тарыхын, ата-бабаларды эскерүүгө жана Жаңы жыл майрамына карата уюштурулуп, ага Кореяда иштеп, окуган 200дөн ашык Кыргыз жарандары келишти.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан сөз сүйлөп, бул жакта иштеп, үй-бүлөсүн багып жаткан ар бир мекендеш өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын айтты.

"Кореяга элчи болуп келгениме 1 айдай болуп калды. Бул кызматты татыктуу аркалоого ишеним, каалоом дагы күч. Ар бир мекендешибиз Кыргыз өлкөсүндө болобу же дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун Кыргыз жерибиздин гүлдөп-өнүгүшүн тилек кылат. Сиздердин бул жакта иштеп ата-энеңиздерге, туугандарыңыздарга жөнөткөн акчаңыздар мекенибизге болгон чоң салым. Бул үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем", - деди элчи.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Кореядагы ардактуу консулу Ким Жонг Гу эки өлкө ортосундагы алака мындан ары да бекемделе берерин билдирди.

"Мен Кыргыз жерине жалпы 24 жолу барып келдим. Ал жакка барган сайын өлкөнүн өнүгүүгө, өсүүгө болгон мүмкүнчүлүгү абдан чоң экенин байкап келем. 2017-жылдын аякташына бир жума убакыт калды. Көпчүлүк жыл жыйынтыктап, туугандары жана достору менен жолугуп, алдыга максаттарды коюп жатышат. Келе жаткан жылы ошол ой-тилек, максаттардын орундалышына тилектешмин. Сиздерде кандай маселе жаралса, мага кайрылсаңыздар жардам берүүгө даярмын. Эки өлкө ортосундагы алака мындан ары да өнүгө берет деп ишенем", - деди Ким Жонг Гу.

Расмий бөлүк жыйынтыкталган соң экинчи бөлүк концерттик программа менен коштолду. Анда атайын Кыргыз жеринен элчиликтин чакыруусу менен келишкен ырчылар Каныкей, Ильяз Абдразаков, алпаруучу жана актриса Назира Айтбекова, "тамашоучу" Жаныш Майрамбек уулу өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кыргыз жүзүн, Кыргыз үнүн сагынып калышкан мекендештер, ырчылардын ар бир ырын коштоп ырдап, ортого чыгып бийлеп шаңдуу отурушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз жеринен атайын чакырылган өнөр адамдарына ыраазычылык билдирилип, жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Krai
2017-12-25 09:47:25
Каерде болбосун артистер биринчи жетишет го
+2
ady-88
2017-12-25 10:19:35
Султан мырза Отто мекенчил элине жардам Берген Адам. Ушул татыкттуу инсанды Орусиянын кыргыз элчилигине дайындап берсе абдан жакшы болмок.
+15
barakcha
2017-12-25 12:09:02
ady-88,Мен дагы ошентип ойлоп койдум эле.Мигранттардын басымдуу болугу орусияда эмгектенип келишет.Анан эмнеге Султан мырзадай чыныгы патриот мырзаны ошол жака койушпайт?
+6
clay
2017-12-25 15:02:40
ady-88,Султан эмес аты Кылычбек.))
-1
Asankun
2017-12-25 10:35:28
Жазгул эжем корунбойбу?

0
NURTILEK_KG
2017-12-25 10:50:57
Сиздер менен сыймыктанабыз бир тууган боордошторубуз
0
bond02
2017-12-25 11:30:04
Асманда жылдыз коппу жерде кыргыз коппу дейт беле, кайда болбогула аман болгула боордоштор.
+2
nazgul.elhan
2017-12-25 11:56:12
Кылычбек агай Назирадан башка алыпбаруучу чакырбапсынар да. Супер инфону жамандап россияга чейин барып келди эле го.
+3
zzari-83
2017-12-25 12:18:30
nazgul.elhan кимдин ким экенин убакыт өзү эле таразалап койду.Андыктан,антип өчөшүүнүн кереги деле жок.
+1
Pandora
2017-12-25 11:56:34
Султан мырза ар дайым активдуу,мэримдуу,куйумдуу,мекенчилдигинизден тайбаныз.Коз тийбесин ылайым.
+1
kyrgyz.kg83
2017-12-25 12:01:03
Кана еми москвадагы елчиликта ушундай иштесе,Отунбаевти кореяга Кылычбек Султанды москвага,ен коп кыргыздар жашаган шаар,Кылычбек Султандай елчиге муктаж москвадагы мекендештер
+5
zzari-83
2017-12-25 12:16:58
Москвага элчи кылып дайындаса чын жле Султан мырза соонун кп коймок,аябай патриот,өз ишин сүйүп иштеген адам.Малайзияда элчи бп жүргөндө иштегенинен эле билсе болот.Башка элчилердин эмне жумуш кылгандарын эч көрбөдүм,Москвага которуп берүүнү өтүнүп көрүү керек.
+3
albinochka2015
2017-12-25 13:06:24
Кылыч мырзанын жасаган иштерине суктанам...кандай жакшы кай жерде болбосун элим деп куйот,колунан келгенин жасап атуулдарыбызга эл жер коргозуп келе жатат...бул али башталышы гана болсо керек...
+1
Too-tash
2017-12-25 13:18:56
Чындыкты гана айталы туугандар, чындыкты!

Кылыч Султановдун айда-жылда жогорудагыдай кече уюштуруп жургонунон кабарым бар, бирок бул дегени мигранттардын койгойун чечти дегени эмес го...

Туура, Кореяга элчи болуп дайындалганына эми 1 ай болду, куто туралы, Кореядагы мигранттарга жардамы тиет бекен же жокпу?!! Жожону куздо санайт дейт, азырынча кошомат кылып мактабай кое тургула...Эгер той-тамаша, банкеттен ары отуп мигранттардын койгойлорун чечип берсе, ошондо мактайлы..
+3
bekov01
2017-12-25 16:33:56
Too-tash,жасаган иши азамат деп айтууга арзый турган иш. Башка нерсе учун емес азыр окуп жаткан маселе боюнча мактап жатышат бул кошомат емес. Бироо жакшы иш кылса коро албай бир нерселерди айтканды токтотсонор. Сынды айта турган жерде айткылада. Кылычбек Султан мигранттардын койгойун чече албай жатат деген койгой али чыга елек. Орусиядагы елчилик екоону алмаштырып алдыныз окшойт
-1
pixduel1
2017-12-25 14:22:15
Кытайда жашап иштегендер болсо мага жазып койгулачы))
0
PeRa
2017-12-25 19:27:13
Кылычбек Султанов чындыгында жакшы иштерди уюштурду, бирок башкалары деле иштеп жатышат. Болгону байкебизди Супер - Инфо тынбай жазып турат.
+1
rafo80
2017-12-25 23:46:09
Кылычбек мырзанын кылган иштери чындыгында мактаганга татыйт. Мисалга алсак Супер Инфо гезитин ушул даражага которушу, Малайзияда Элчи болуп турганда Малай эли менен Кыргыз элинин катышын бир кыйла жакшыртты. Эми Кореяга да миграция маселесин жакшыртып визасыз журо турган суйлошуулорду жургузсо жакшы болмок, орустарды менменситпей
0
nur72
2017-12-28 01:49:57
абдан жакшы жанылык рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан