Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында энергетика тармагынын 2017-2018-жылдарга болгон карызын кечиктирип төлөөгө уруксат берүү боюнча өкмөттүн токтому каралды. Анда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев энергетика тармагына алынган карыздын көлөмү 100 миллиард сомдон ашканын айтты.
Депутат Алтынбек Жунус уулу аталган тармакка алынган насыялар жакшы натыйжа бербей жатканын жүйө келтирип, карыздарды натыйжалуу иштетүү керектигин эскертти. Эл өкүлү менчик компанияларда өнүгүү байкалып, ал эми мамлекеттик компаниялар кирешеге чыга албай жатканына нааразычылыгын билдирди.
"Бишкекте жана башка аймактарда көптөгөн менчик компаниялар өсүп кирешеге чыгып жатат. Биз сиздин башкарууңуздагы өзгөрүүлөрдү күтүп жатабыз. "Чыгышэлектр" жана башка компаниялардын жетекчилери ыйлап жүрүшөт. Чоң төлөм төлөй турган комбинаттар, мисалы, "Макмал", "Кыргызское взморье" жана башка компаниялардын баарын менчик компаниялар тейлейт. Ал эми калк менен "Чыгышэлектр" өзү калган.
Мындайда кантип өнүгөт? "Кумтөр", "Казахмыс" дегендерге электр энергиясын 5 сомдон саткыла. Ошондо силер кирешеге чыгасыздар. Насыяны 20 жылга алып жатабыз. 100 миллиардды элге жумшасак кандай натыйжа бермек. Бул деген элдин акчасы. Айла жоктун мыйзамы катары карап жатабыз", - деди Жунус уулу.
"Насыя алып натыйжалуу иштешин да карасаңыздар. Анткени Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) берилген 386 миллион доллардын 12 миллиону кызматкерлердин бир орундан экинчи орунга которулганына жумшалат экен. Бул эмне деген эсеп? Ушул жагын да карасаңыздар, ар бир тыйын натыйжалуу иштетилсин", - деп кошумчалады депутат.
Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев "Макмалды" тейлөөнү мамлекеттик компания кайра алганын айтты. "Убагында менчик компанияга кетип калган экен. "Кыргызское взморье" да бүгүн бизге өттү. "Алтын кенди" да кайтаруу иштери жүрүп жатат", - деп жооп берди Калиев.