Орусияда өрттөн каза болгон эки Кыргыз жаранынын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азымбекиев кабарлады. Анын айтымында, өрттөн дагы бир Кыргыз жараны жаракат алып дарыгерлердин кароосунан өттү.
"Каза болгондордун бири 1994-жылы туулган Б.У., экинчиси 1991-жылы туулган С.У. аттуу жаран болуп чыкты. 1999-жылы туулган К.У. аттуу жараныбыз да жаракат алып, ал дарыгерлердин кароосунан кийин үйүнө жиберилди", - деди Азымкулов.
Буга чейин Орусиядагы элчилик каза болгондордун арасында эки Кыргыз жараны бар экенин тастыктап, алардын аты-жөнү такталып жатканын билдирген. Бирок маалыматты Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Азымбекиев төгүнгө чыгарган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 4-январда Новосибирск облусуна караштуу Искитим районунда саат 9:00 чамаларында бут кийим тиккен цехтен өрт чыгып, Кыргыз өлкөсүнүн эки, Орусиянын бир, Кытай Эл Республикасынын жети жараны каза болгону кабарланган. Алар бут кийим тиккен цехтин кызматкерлери болушкан. Учурда кырсык боюнча Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголду.