АКШнын Флорида штатында аба ырайынын төмөндөшүнөн улам дарактардагы кескелдириктер, игуаналар тоңуп жерге кулап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта абанын температурасы +5°Сдан төмөндөп кеткен. Мындай жагдай кескелдириктердин, игуаналардын кыймылына таасир этип, алар тоңуп калууда. Муздак кандуу мындай жандыктар абанын температурасы +10°Сдан төмөндөгөн учурда эле кыймылдай албай калышат. Күн андан катуу суук болсо тоңуп калышат.
"Мындай аба ырайы алардын кыймылдашы үчүн өтө суук, бирок алар өлүп калбайт. Алар жансыз жатканда тийишип, кармаганга болбойт, коркуп кеткен жандыктар бир аз жылыганда тиштеп алышы мүмкүн", - деген эксперт.
Эске салсак, буга чейин бир апта аралыгында АКШдагы катуу суук 16 адамдын өмүрүн алганы маалымдалган.