Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун үйүнөн ок атуучу куралдар уурдалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады. Маалым болгондой, депутат уурдалган куралдарды аң уулоого колдонуп келген.
"4-январь күнү белгисиз адамдар депутаттын Ноокат районунун Жал айылындагы үйүнө терезе аркылуу киришип, мыйзамдуу түрдө колдонуп келген сайлуу жана сайсыз эки ок атуучу куралды уурдап кетишкен. Бул боюнча арыз менен депутаттын А.Ж. аттуу агасы кайрылган. Анын билдиришинче, ошол учурда үйүндө эч ким болгон эмес. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти ОИИБден.
Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңеште “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат.