Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, кырсыктан 5 жаштагы наристе каза болуп бир аял жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 8-январь күнү эртең менен саат 7:50 чамасында катталган. Анда мамлекеттик номердеги Honda CRV үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу Алма-Ата көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып Аламүдүн айылындагы Чекиш-Ата базарынын тушунан эки жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
"Кырсыктын кесепетинен 40 жаштагы аял ооруканага жеткирилип, 5 жаштагы бала окуя болгон жерден каза болгон. Учурда айдоочунун унаасы айып жайга токтотулуп, өзү сурак берүүдө. Учурда катталган жол кырсыгы боюнча Аламүдүн районунун тергөө кызматы тергөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти башкармалыктан.