Каракол шаарында чыккан массалык мушташка лыжа себеп болгон

Каракол шаарында чыккан массалык мушташка лыжа себеп болгон. Окуя 3-январда Каракол шаарында орун алган. Бул боюнча маалыматты бүгүн, 11-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Каракол шаарынын жергиликтүү тургундарынын ортосунда түшүнбөстүк орун алган. "3-январь күнү эс алуучулар 3 лыжаны ижарага алышып, 5-январда кайтарып беришмек. Бирок эки лыжанын таягын сындырып алышкандыктан ага 2 миӊ сом айып төлөшү керек болгон. Ошол учурда сөздөн сөз чыгып, ортодогу пикир келишпестиктен улам мушташ чыгып кеткен. Мушташкандар бири-бири менен тааныш болгондуктан, өз ара бир пикирге келишкен. Лыжанын таягын сындыргандар 2000 сом акча каражатын төлөп беришкен. Видеону ошол жерде иштеген адамдардын бири интернетке таратып жиберген. Бул окуяга тийиштүү делгендер суракка алынышты. Жабыркагандар жок. Аларга административдик чара колдонулат", - деп маалымдады Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы.

Буга чейин Каракол шаарындагы массалык мушташтын видеосу SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн. Окуя имараттын алдындагы видеокөзөмөлгө түшүп калган.

Каракол шаарындагы мушташ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Goodyer
2018-01-11 21:25:26
Сындыргандан кийин адамча толоп койуш керек да. Келип кайра аларды отузун чогулуп алып ур токмоко албай, аларда акча табайын деп иштеп журот да
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан