Жумагулов: "Шекер айылында 20 гектар жерге "Чыңгыз Ордосу" курулат"

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Шекер айылында 20 гектар жерге ордо курулат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов билдирди.

Шекер айылынын четинде 20 гектар жерде “Чыңгыз Ордонун” курулушу башталып жатат. Быйыл мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүндү. Бул жаңылыкты өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн жарыялайт. Бул өтө чоң долбоор. Айтматовдун эстелигин түбөлүккө калтыруу гана эмес, туристтик дагы өзүнчө жай болуп калат. Андан сырткары Шекер айылында Айтматовдун жана анын чыгармаларын кыргызчалаган Ашым Жакупбековдун музейлерин оңдоп-түзөө, жаңыртууга жардам берилет. Шекер айылы Айтматовду, Кыргыз өлкөсүнүн туристтик руханий жөндөмдүүлүгүн даңазалоонун ордосу болуп калмакчы”, - деди Жумагулов.

Бүгүн, 12-январда Талас облусунун Шекер айылында улуу жазуучу Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bosmos77777
2018-01-12 12:12:40
Эн соонун! Атайын Жайкы жана кышкы тасма жайларын. Ошондой эле театр сарайларын куруу керек. Кыргыздын уучу курук эмес. Биз Кыргыздар Ч.Айтматовдой уул кыздарды жаратышыбыз керек. Ал учун баардык билим жана жан дуйно осо турган. Шартарды тузушубуз керек.
-2
Adilet_adi
2018-01-12 12:36:51
Проект зынк
-2
Gulnyr19
2018-01-12 12:59:50
Бөлүнгөн акчаны тыйыныга чейин иштеткиледа жеп койбой аны да
+2
Mavlyuda
2018-01-12 13:54:43
Сонун кабар. Бутсө туристтердин саны көбөйөт деп ишенем
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан