Бишкек Жылуулук электр борбору от казандарын оңдотууга 29,3 миллион сом жумшаганы жатат

Бишкектеги Жылуулук электр борборунун от казандарын оңдоо үчүн 29,3 миллион сомго тендер жарыяланды.

Мындай жарыяны мамлекеттик сатып алуулар порталына "Электр ишканалары" ачык акционердик коому 12-январда жайгаштырды. Анда Бишкек Жылуулук электр борборуна от казандарын оңдоо үчүн 29 миллион 375 миң 966 сом каражат пландалганы, тендерге катышууну каалагандар 5-февралга чейин катталуусу керектиги айтылат.

Айта кетсек, буга чейин интернет колдонуучулары тарабынан Бишкек шаарын кара түтүн каптап жатканы, ага Жылуулук электр борборлору да салымын кошуп жатканы айтылып жаткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
grace
2018-01-14 21:36:20
Жегичтер, качан тойор экенсиңер!
0
sereznaya
2018-01-14 23:37:44
grace,болунсо болунсун.казанын ондосун маанилуу нерсе да.жакшыраак ниет кылгылачы
0
Jelezo
2018-01-14 21:41:34
Төрт жүз миллион доллар каякка кетти оңдоп түзөгөн
-3
Azatbek83
2018-01-14 22:48:39
Кочмондор ойунуна да акча алып койушуптурбу??!!!
+1
jbolotov
2018-01-14 23:08:13
ТЭЦти модернизациялоого 300 миллион доллар жумшалды эле? Ошол реконструкция иштеринде эмне учун буу казандары каралбай калган? 300 млн$ ото чон акча болчу. Бул жерде ото чон коррупция барго деп ойлойм. Ушинте берсек мекенибиз эмне болот? Ансызда карыздар менен жашап калдык.
+3
zevs
2018-01-15 00:33:17
jany jylga kop jep koygongo ordun jabyw uchun dagy tender.
0
kai42444
2018-01-15 00:42:21
Ошол акчага сазаманга жараша зыяны аз пайдасы коп тие турган от казандарды алса болбойбу эскини ондоп эсин кетет ...
0
nurbekasr
2018-01-15 10:00:41
Аа жетимдер кышта акча жок ачка калган окшойсуңар.Качан ичиңерди тешип чыгат экен силердин жегичтер.Зомбиге айланып кетсеңер экен.Былтырбы же баштагы жылдар беле Кытайдын фирмасы адамдары келип бүтүндөй буу казандарды башкаларын оңдоп кетишти эле го.Морлоруна түтүн чыпкалоочу аппараттарынан бери коюп.Калп эле ТЕЦтен Бишкекти түтүн каптады кылып бир апта мурун эл көзүнө,эми акча сурай баштапсыңар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан