Голливуддун жылдыздуу түгөйлөрү Канье Уэст менен Ким Кардашьян үчүнчү ирет ата-эне статусуна ээ болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 15-январь күнү жарык дүйнөгө келген кызды түгөйлөр тарабынан жалданган карын эне төрөгөн. Ымыркай 3 килограмм 375 грамм салмакта жарык дүйнөгө келген. Азырынча ысым ыйгарыла элек.
Бул тууралуу Кардашьян социалдык тармактагы баракчасына сүйүнчүлөгөнгө да жетишкен.
"Биз, Канье экөөбүз үчүнчү наристебиздин жарык дүйнөгө келишине кубанычтабыз", - деген билдирүү калтырып, англис тилинде жазылган #үчбаланынэнеси хэштегин койгон.
Эске салсак, буга чейин түгөйлөр карын эне жалдаган компанияга 68 миӊ 850 доллар, карын энеге 45 миң доллар төлөй турганын ачыкташып, наристе январь айында төрөлө турганын билдиришкен. Түгөйлөрдүн 4 жаштагы Норт аттуу кызы жана 1,5 жаштагы Сэйнт деген уулу бар. Кардашьян экинчи баласын төрөгөн соң дарыгерлер мындан кийинки бойго бүтүү ден соолугуна олуттуу зыян келтирерин айтышкан.