Экс-президент Алмазбек Атамбаев журналист Нарын Айып менен мурдагы депутат Чолпон Жакупованын мүлктөрүн сатыкка койдурууну соттон өтүнүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда SUPER.KG порталына Нарын Айып өзү билдирди.
Анын айтуусуна караганда, Атамбаевдин аталган өтүнүч менен сотко кайрылуусу боюнча алар 13-январда билишкен. "Бул тууралуу сотко кайрылуу качан болгону так эмес, анткени бизге келген кагазда доогерлер качан кайрылганы, сот отуруму качан болору жазылган эмес.
Сот тарабынан Алмазбек Атамбаевге мен 9 миллион, Чолпон Жакупова 3 миллион сом доого жыгылганбыз. Биздин аталган доону бир эле жолу төлөй салганга чама-чаркыбыз жетпейт. Буга байланыштуу айлык акыбыздан бөлүп-бөлүп төлөп берели дегенбиз. Бирок ага көнүшпөй, жалпы бир төлөсүн дешип ушундай кадамга барып жатышат", - дейт Нарын Айып.
Андан сырткары ал алардын кандай мүлктөрүн сатыкка коюуну өтүнүшкөнүн айтты.
"Биздин үйдө 3 адам жашайбыз, ал үйдүн үчтөн бири гана мага таандык. Атамбаев ошол мага таандык бөлүгүн, ал эми Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттеджин сатыкка коюп, доону өндүрүп берүүнү соттон өтүнүп жатат", - деди Нарын Айып.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту биринчи иши боюнча башкы прокурордун арызын толук канааттандырып, "Заноза" сайтын, анын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана экс-депутат Чолпон Жакупованы жалпысынан 12 миллион сом доого жыккан.
Ушул эле күнү дагы бир доо арыз каралып, анда соттун чечими менен “Заноза” сайты жана журналист Нарын Айып өз-өзүнчө 3 миллион сомдон төлөөгө милдеттендирилген.
3-июль күнү кезектеги доо арыз боюнча соттук отурум болуп өтүп, анда да Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, сайт 6 миллион сомго, Нарын Айып 3 миллион сомго доого жыгылган.
4-июль күнү “Ата Мекен” партиясынын адвокаттарына байланыштуу доо арыз боюнча “Заноза” 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ошентип экс-президентке компенсанциянын көлөмү баш-аягы 30 миллион сомго жеткен.