Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, жубайы Аида Токтоматова жана мурдагы депутат Феликс Куловдун жубайы Фатима Абдырасулова "Ала-Арча" VIP-шаарчасынын башкармалыгынын имаратын басып алганы айтылууда.
Жергиликтүү тургун Евгения Кухтанын бүгүн, 17-январда айрым маалымат каражаттарына берген маалыматына ылайык, алар башкармалыктын документтерин жана мөөрүн алып бербей жатышат. Анын айтымында, башкарма эки жылга шайланат. Ал шаарчаны кантип өнүктүрүү керектигин чечет. Эки жыл мурун жаңы башкарма келип каржы милдеттенмелерин өзүнө алган.
"Кийинчерээк жашоочулары эсептеги акчанын максатсыз пайдаланып жатканын байкап калышты. Ал башкарма эки жыл иштеди. Бул аралыкта эки үйдү тоноп кетишти. Биз жаңы башкарма шайладык. Бирок мурдагылар документтерди жана мөөрдү бербей коюшту. Бүгүн Ахматбек Келдибеков баш болгон жан сакчылар башкармалыктын имаратын бардык документтери менен бирге басып алышты", - деди Евгения Кухта.
Анын белгилешинче, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы "Ала-Арча" коомдук бирикмеси былтыркы жылы төгүмдөрдү төлөбөгөндүгү үчүн 2,5 миллион сом айып салган.
Ал эми учурда айтылган маалымат боюнча Келдибеков жана Кулов комментарий бере элек.