Жогорку Сот: "Кылмыш дүйнөсүндө "дөө" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун шарттуу кесилип, абактан бошотулду деген маалымат калп"

Кылмыш дүйнөсүндө "дөө" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов шарттуу кесилип, абактан бошотулду деген маалымат калп. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

"Жогорку Соттун 2017-жылдын 13-декабрында чыгарган чечими боюнча Чыңгыз Жумагулов Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча 5 жылга жана 341-беренеси (бийлик өкүлүнө күч колдонуу) боюнча 3 жылга эркинен ажыратылган.

Кылмышкер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде ага белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп 6 жылга, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесинин негизинде өкүмдөрдүн жыйындысында мурдагы өкүм боюнча белгиленген жазасынын өтөй элек бөлүгүн жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми өкүмдүн башка бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылган. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Эске салсак, Чыңгыз Жумагуловду 2016-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги ок атышууга катыштыгы бар деп колго түшүрүшкөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумагулов жана анын шериктери Субару үлгүсүндөгү унаадан 1981-жылы туулган А.Д. аттуу жаранга ок чыгарышып, жыйынтыгында жабырлануучу жаракат алып Улуттук хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Өткөн жылдын июнь айында Ч.Жумагулов из жашырып кеткендигине байланыштуу Биринчи Май райондук соту ага издөө жарыялап, сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Чечим чыккандан 1 аптадан кийин ал колго түшкөн.

Белгилей кетсек, Ч.Жумагуловду "Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна мүчө" деп келишет. Ошондой эле ал президенттик аппараттын мурдагы башчысы (К.Бакиевдин мезгилинде. ред.) Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелгендердин бири болуп келген.

Жумагулов өзү криминалдык чөйрөгө катыштыгы жок экенин айтып, уюшкан кылмыштуу топторго мүчө экендигин четке кагып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azatbek83
2018-01-18 14:10:33
Соттор жалганчы!!!!!
0
BoyUlanboy
2018-01-19 06:15:02
Калп эмес эле бошотподунарбы азыр акчасы барлар таанышы барлар ашанын тарапташтары соттолбойт жада калса пара алсада бошотулат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан