"Ака минералз энд майнинг" компаниясы "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын сатып алууга кызыкдар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган компаниядан Маммүлктү башкаруу фондунун төрагасынын атына кат түшкөн. Фонд бул сунушту карап чыга турганын маалымдады.
Белгилүү болгондой, "Ака минералз энд майнинг" компаниясы "Акылдуу шаар" долбоорун "Huawei" менен биргеликте ишке ашырмакчы.
Айта кетсек, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Андан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.
Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду "Мегаком” компаниясын сатып алам деген орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, тараптар эки жакты тең канааттандырган шарттарга жете алышкан жок.
2017-жылы 20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев "Мегаком" компаниясынын баасын дагы түшүрүш керек" деген пикирин айткан. Анын ою боюнча "Мегакомдун" баасын дагы 20-30 пайызга түшүрүүгө болот. "Ким көп берсе, ошого сатыш керек. Акчаны "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга жумшаш керек" деген Атамбаев.