Өлкөдө автоунааларды кайра каттоо арзандашы мүмкүн

Өлкөдө автоунааларды кайра каттоонун баасы арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу 22-январда SUPER.KG порталына Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору Жоошбек Коёналиев билдирди. Мекеме унааларды кайра каттатуудагы 1 пайыздык тарифти 0,3 пайызга түшүрүүнү сунуштоодо.

Ага ылайык, учурда 1000 сомго кайра каттатылып жаткан автоунааны 300 сомго каттатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. "Баанын арзандашын күтпөй эле унааны өзүнө каттатууну көздөгөн жарандар көбөйүүдө. Баа арзандаса унааны ишеним кагазы менен айдап жүргөндөр кескин азаят деген үмүт бар", - деди Коёналиев.

Департаменттин сунушу учурда Юстиция министрлигинин кароосунда.

Сүрөттө: 2018-жылга карата бекитилген тарифтик торчо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Buudaiuk
2018-01-22 12:48:41
Ушуну туура кылып атат.эртереек ишке киргизсе жакшы болот эле
+3
Aydarov.0607
2018-01-22 13:23:21
Переоформлениеда бул. Жаны номер катто куболгу менен да э.
-1
jamakeev2015
2018-01-22 13:26:22
Жакшы ушундай иштеш керек
0
tokoev87
2018-01-22 13:37:13
Качан башталат анан эртелеткиле
+1
bakulya2015
2018-01-22 13:51:49
Жакшы сунуш. Ийгиликтер менен жыйынтык чыкса болду.
0
Baatirbek81
2018-01-22 13:51:49
Туура жол дандалыптыр азыр кыргызстан боюнча 70/ доверност менен жүрөбүз
+2
o.aza
2018-01-23 10:19:32
Ошондо мен авто алып өзүмө каттатуу үчүн 1000 сом төлөшүм керекпи.эгер ошондой болсо жакында эле таанышым өзүнө каттаткан автого 6800төлөдү.кандай түшүнсө болот же бул эки башка жагдайбы
0
Almaz_kg
2018-01-23 11:47:23
Кыргызчасы жокпу экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан