2018-жылдын 20-январынан 21-январына караган түнү ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы Бишкектеги "Гараж-312" түнкү клубуна атайын операция жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында аталган клубдун ээси 1978-жылы туулган Б.Е., Миша-оргазм аттуу клубдун алпаруучусу, 1988-жылы туулган М.М., 1999-жылы туулган официантка Ю.В. аттуу кыз, 1995-жылы туулган Р.В. жана 1993-жылы туулган Х.Р. аттуу эки бармен кармалган. Андан сырткары алар менен бирге клубдун кардары, 1988-жылы туулган Е.А. кармалып, анын жанынан 4,7 грамм гашиш табылган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө жана тергөө иштеринин негизинде Миша-оргазм аттуу клубдун алпаруучусу кардарларды спирт ичимдигин ичүүгө жана баңгизаттарын колдонууга ачык үндөп келгени аныкталган. Мындан улам атайын операция уюштурулган. Жыйынтыгында клубдун алпаруучусунан, эки барменден жана официанткадан баңгизаты табылган. Андан сырткары 32 адам наркологиялык текшерүүдөн өтүп, төртөөнүн маңзатын колдонгону белгилүү болгон", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
ИИМдин маалыматына караганда, жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу), 252-беренеси (баңгизатын колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Буга чейин Бишкектеги "Гараж-312" түнкү клубунан баңгизат алып жүргөн деген шек менен бир нече адам кармалганы айтылган.