Бүгүн, 22-январда "Трансформация" кыймылы Өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган кыймылдын жетекчиси Бекназар Айталиев билдирди.
Анын айтымында, митингге 70тен ашык жаран катышты.
Алардын талабы Чүй облусундагы 20 миңге жакын үй курулган жерлерди трансформациялоо. Митингге чыккандар колдоруна "Өкмөт, элиңе душмандык кылба!", "Өкмөт, элди бөлүп жарба!" деген жазууларды көтөрүп алышкан.
"Митинг алгач Өкмөт үйүнүн алдында башталды. Андан кийин Жогорку Кеңештин алдына бардык. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров кабыл алмак. Анын ордуна аталган комитеттин аппаратынын башчысы Тилек Мусаев кабыл алды. Ал мыйзам долбоор өкмөттө жатканын айтып, 24-январь күнү карап берише турганын билдирди", - дейт Бекназар Айталиев.