Астанада үшүк алып ооруканага кайрылгандардын саны 30дан ашты

Астанада үшүк алып ооруканага 31 адам кайрылган. Бул тууралуу кечээ, 23-январда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын арасында өспүрүмдөр дагы бар. Мындан улам колледждер жана мектептер жабылды.

Казгидромет 26-январга чейин Казакстандын айрым жерлеринде сууктун күчү күндүз -35, түнкүсүн -45 градуска чейин жете турганын билдирди.

Казакстандын өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев жетекчилерге сууктан коргонуу иштерин күчөтүүнү жана ысык тамак иче турган убактылуу жайларды уюштурууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nariste...12
2018-01-24 08:14:55
Бизде да суук болот деп жатат го.
0
Isco23
2018-01-24 08:45:27
Nariste...12,ошо кедет бизге,север жактан келет да бизге копчулук жамгыр карлар
-3
NURTILEK_KG
2018-01-24 09:35:43
Nariste...12,бизде анчалык суук эмеско.быйыл жылуу эле болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан