Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы дүкөндөрдүн биринин жанынан эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын башчысы Назира Имангазиева кабарлады. Анын айтымында, алар бычактан алган жаракатынан улам каза болгон.
"23-январдан 24-январга караган түнү саат 00:20 чамаларында райондук милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө дүкөндөрдүн биринин жанында эки адамдын жансыз денеси жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери дароо айтылган дарекке барып, чынында эле эки адамдын жансыз денеси жатканын көрүшкөн. Алар бычактан алган жаракатынан улам каза болушканын аныкташкан", - деди Имангазиева.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү аракеттери башталды.