Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында таза суу маселесине арналган өкмөттүк саат өтүүдө. Анда өкмөт бул багыттагы эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат. Жыйында депутат Жанар Акаев Кыргыз өлкөсү суу башында туруп, таза суу, энергетикалык маселеде жасалган жумуштар чабал болуп жатканын айтты.
"Кыргыз өлкөсү Борбор Азияда суу лидери деп айтылып жүргөнү менен, өзүбүздүн ичүүчү суубузду да чече албай жатабыз. Энергетикалык чоң лидер өлкөгө да айлана албай жатабыз. Бул абдан өкүнүчтүү.
2001-2014-жылдары өлкөгө, адашпасам 90 миллион доллар келген. Ал убакта элдин да уюшумдуулугу калыптана элек болгон, биздин куруучулар да таза суу боюнча тажрыйбасы болгон эмес. Ошол эле бир канча айылдарга акча берилип, трубалар кирген, суу чыкпай калган. Менин оюмча, өкмөт фонддор, демөөрчүлөр БУУнун азык-түлүк программасы менен кызматташыш керек. Айылдарда ынтымак коомдору бар. Айрым мигранттар өз айылдарына таза сууга каражат салууга даяр. Өкмөт өтө муктаж айылдарды аныктап, бардык фонддордун башын бириктирип, иш алып барса туура болмок", - деди Акаев.