Бүгүн, 25-январда парламентте калкты таза суу менен камсыз кылуу маселесин 30га жакын депутат талкуулап жатат.
Жалпы 113 депутат каттоодон өткөн, ал эми жыйында 30 гана депутат отурат.
Баяндаманы вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев жасап жатат. Анын айтымында, республика боюнча 650 айылда таза суу боюнча көйгөй бар. "Быйыл 150 айылдын суу маселеси чечилиши күтүлүүдө. Калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлоруна тышкы инвестицияларды тартуудан тышкары, республикалык бюджеттен да каражат каралууда. Өткөн жылы бул багытта 250 миллион сом көлөмүндө каражат бөлүндү. Быйыл дагы 250 миллион сом каралган", - деди Кенекеев.