Абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу мектептерде 26-январдан баштап окутуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 25-январда кабарлады.
Маалыматка ылайык, мектеп окуучулары 26-январдан 30-январга чейин кышкы каникулга таратылат. 5 күндүк окуу жумасы менен мектептерде окуу программалары ишемби күндөрдүн эсебинен, ал эми 6 күндүк окуу жумасы менен мектептерде жазгы каникул эсебинен толукталат.
Белгилүү болгондой, бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар абанын кескин төмөндөшүнө байланыштуу мектептерге дем алыш жарыялоону сунуштаган.
Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда өлкөдө суук күчөп, күндүз Бишкекте абанын температурасы -16 градуска чейин төмөндөй турганын, айрым тоолуу аймактарда -30 градус боло тургандыгын эскерткен.