Өмүрбек Текебаевдин коопсуздугу үчүн ал отурган камерага видеокөзөмөл коюлду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев отурган камерага видеобайкоо орнотулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 29-январда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, мындай аракет Текебаевдин коопсуздугу үчүн болду.

"Кылмыш-жаза кодексинин 55-беренесинин негизинде соттолгон адамдын коопсуздугу үчүн администрация видеокөзөмөл орнотууга укуктуу. Бирок бул соттолгон адам менен жазуу түрүндө келишимге келип, анын макулдугу менен гана ишке ашат. Өмүрбек Текебаевге да видеокөзөмөл орнотулду", - деп билдирди Сабатарова.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Ermekbai
2018-01-29 17:05:45
Текебаев эркек, азаматсыз дагы деле күчтүүсүз бийлик сындыра албаптыр.
+15
cico
2018-01-29 17:07:35
Тулеев Келдибековго неге коюлган эмес
+5
Jazdyn_tany
2018-01-29 18:17:06
cico,алардын өмүрүнө коркунуч туулган эмес...
Чиркешовичке Зектерден кысым болуу коркунучу бар
+9
Adiletia
2018-01-29 19:26:14
ашага кудай жеткизсин! Акыретти ойлобогон неме
+3
Adiletia
2018-01-29 20:52:37
Ойлонууп атам атаңдын көрү снайпер болгондо...
+1
cico
2018-01-29 19:47:07
Jazdyn_tany, келдибековдун тизесинен операция болгонун уннутуңбу тизеси сынган
+2
Jazdyn_tany
2018-01-29 19:58:51
cico,билем, операция болгонун! Тизесин түрмөдөгүлөр сындырбай эле, ооруган болуш керек эле...
+2
altyn7776
2018-01-29 18:28:37
Текебаевге коюлган куноо суу кечпей калды го...бул АШАнын бетине тушкон кара тактардын эн чону болду. Маевский акчаны кантип бергендигин аныктай албады. АШАга импичмент жарыялап, ошол процесс менен жургондо камады. Абдан уят иш болду. Кыргызда катынча иш кылды дейт мындайда
+12
rysik79
2018-01-29 18:46:17
Свет очкондо Текенин журогу кармап калбаса болду.
-8
oshkyrgyz
2018-01-29 18:57:44
Ал адамга, бир нерсе кылам дешсе камераны өчүрүп,туруп деле жасап коюшат го ошондо да таза чыгышат
+7
jbolotov
2018-01-29 20:27:05
Текебаев таптаза болсо эч кандай идинчек табылмак эмес, орустар айткандай от болбосо тутун болбойт. Мадумаров журотко ачык эле сындап, ага илинчек жок аны кантип кармасак деп калаберишти.
-3
fak
2018-01-30 02:19:14
Мадумаров,Нурсултан Назарбаевтин куйоо баласы ошого ага тийише албайт эч ким
-1
Amanov
2018-01-31 04:09:20
Текени жайлаптир маладес мамлекетке пайдасы деле тийген бунун садыр жапаровду чыгарыш керек эл учун иштеген адам.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан