Жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январда күчүнө киргени менен, азырынча эч ким сүйүнчү пул ала элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 30-январда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди. Анын айтымында, учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы сүйүнчү пулду жеңил жол менен алуу жолдорун иштеп чыгышууда.
"Аталган эки мекеме сүйүнчү пулду алуунун жолдорун автоматташтыруунун жана болушунча жөнөкөйлөтүүнүн үстүнөн иштеп жатат. Жалпак тил менен айтканда, сүйүнчү алуу үчүн ата-эне каттоо кызматынан баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүккө арыз берип жатып эле сүйүнчү пул алууга да арыз берип коё алат. Андан сырткары, жарандын абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) жана калкты тейлөө борборлоруна да арыз беришсе болот", - деди Кадыралиева.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча өлкө аймагында 363 маалыматтык киоска, 58 жарандын абалдык актыларын каттоо (ЗАГС) жана 22 калкты тейлөө борборлору бар.
Өкмөттүн 370-токтомуна ылайык, баланын жашаган жерине жараша 4 миң сомго коэффициенттер кошулмакчы. Мисалы, Кара-Кулжа районунун алыскы айылдарына 1,2 коэффициент кошулуп, берилчү акчанын суммасы 4 миң 800 сом болот. Ал эми Ат-Башы районунун эң алыскы айылдарына 1,8 коэффициент аныкталса, жалпы сумма 7200 сом болмокчу.
Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.