Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоодон улам көбөйгөн суу Бишкек шаарынын ичинде 3 үйдүн короосун каптап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, окуя саат 17:40 чамасында болгон.
"Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоодон улам көбөйгөн суу Бишкек шаарынын Москва жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде 3 үйдүн короосун каптап кетти. Бирок биздин кызматкерлер дароо ал жердеги абалды калыбына келтиришип, каптаган сууну токтотушту. Учурда ал жерде бир техника иштеп жатат. Бүгүн Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо жүргүзүлүп ага 70тей адам, 15тей техника тартылган. Дарыянын нугун тазалап, сууктан улам тоңуп тоскоолдук жаратып жаткан муздар тазаланганда суу көбөйүп кетип, нугуна батпай ошондон улам 3 үйдүн короосун бир аз каптап кетти", - дешти мекемеден.
Ошондой эле Бишкек Жылуулук электр борборунан Ала-Арча дарыясындагы тоңгон муздардан улам жаралган кооптуу кырдаал алардын иштөөсүнө тоскоолдук жаратпай турганын билдиришти. Алар Бишкек ЖЭБге колдонулган суу Чоң Чүй каналынан жана Бишкек суу каналынан алынарын кабарлашты.