Мамлекеттик тарых музейине "улуттук" макамын ыйгаруу боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейине “улуттук” макамын ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик тарых музейи мындан ары Улуттук тарых музейи деп аталат. Анда өкмөт өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин деп жазылган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан