Орусияда 11 жаштагы кыргыз баланын жансыз денеси табылды. Кылмышка апасы жана жездеси шектелүүдө

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 26-январдан бери изделип жаткан 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, Орусиянын Ички иштер министрлигинин ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында өспүрүмдүн сөөгү 6-февраль күнү "Купчино" метросу тараптагы ээн жерден табылган. Өспүрүм муунтулуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, өспүрүмдү арыздануучунун күйөө баласы өлтүргөн. Каза болгон өспүрүм өзбек улутундагы Кыргыз жараны экени аныкталган.

Айта кетсек, 26-январь күнү баланын атасынан Витебск кең көчөсүнөн уулунун жоголгону тууралуу арыз түшүп, кылмыш иши козголгон. 5-февралда кылмышка шектүү катары өспүрүмдүн 39 жаштагы апасы А.Н. жана арыздануучунун 1995-жылы туулган күйөө баласы Ж.Д. кармалган.

Орусияда Кыргыз жарандыгындагы 11 жашар баланын сөөгү табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Eksvp_1
2018-02-07 14:50:04
Өзбөктөр экен. SUPER.KG толук жазып койгула. Орустардын сайтында толук аты-жөнү жазылыптыр
+14
Pchelka85
2018-02-07 14:53:28
Eksvp_1, озбек улутундагы кыргыз жарандары... Деп жазып атышат местный СМИ де
+12
Pchelka85
2018-02-07 14:52:07
Бул Ошо баланын апасы менен куйоо баласы сизого камаптыр болчу... Кечээ эле уйдо жолдошум айттып атты эле " куйоо баласы менен кайненесинин жаман иштерин коруп калса керек анан бироолого айтып койбосун деп жайлашты да" деп. Блииииин.... Кантип дити барды жаш баланы муунтканга???? Эмне эмес эле эшек го куйоо баласын оз баласынан артык корсо(((((
+11
kechirmeni
2018-02-07 15:02:55
Заман не болуп баратат тообо. Энелерден мээрим качып. Кечээ эле ымыркайды бироосу сабап, бироосу эми мынтип олтуруп. Булар эне деген созго татыктуу эмес
+6
AzKumFerDan
2018-02-07 15:09:56
Тобо тобо чачым тик турду го.шумдук.
+3
ruskarakol
2018-02-07 16:20:44
ушул эшек озбектер кыргызды уят кылып бутурду го.
Озбектекр ошондо да кыргыз жараны.Россияда жургон мекендештерибиз ушундайлардын айынан азап чегип келет
+12
Baku88
2018-02-07 16:23:53
Тооба кылдым Кудай өзүн сактай кор
+3
33SUUN
2018-02-07 16:29:07
Адамдар эмне болуп бара жатабыз?Айбан кылбай турган иштерди адамдар кыла башташты.Астагфирулло!
0
Azatbek83
2018-02-07 16:51:38
Кыргыз жараны озбек улутунан экен деп жазсанар супер инфо.Салман Кыргызча.Салмон озбекче.
+1
Ask094
2018-02-07 16:53:18
Админ кыргыз эмес болсо неге кыргыз деп жаздынар? Кыргызстандык озбектер го
+3
lady_91
2018-02-07 17:06:44
Оо бирде Араванда да ушундай окуя болгон, апасы мн атасынын укасиби акасиби баласы коруп калып дадама айтам деп ийласа олтуруп уйундогу уйулгон пахтага комуп коюшкан. Апасы атинча болгон. Тооба кылдым Кудай сактасын
-4
Nanei
2018-02-07 17:39:47
lady_91,дада сада,ака ука дебей кыргызча жазсанар,тобоо эмнеге озунордун тилинерди жээрийсинер капырай
-3
Paol
2018-02-07 22:22:28
Nanei,оо Кудаай ушул жерде дагы урушуп
+4
Mehazahn57
2018-02-07 22:45:35
lady_91,кичине маданияттуурак жазсан болобу?
-1
Nanei
2018-02-07 17:43:03
Мунавар Назарова,этнический узбек дер эле ачык жазылып журотко башка сайттарда
0
omke.85
2018-02-07 17:53:21
Куйо бала мн кайнене соо эмеско
0
Targarien
2018-02-08 00:17:20
Менин хам бувам озбек унака суйламагила хаммамиз бир Киргизистонда йашаймиз Сизларда хам бор ку кайнонасининг калласини кесип ташлади
-4
madina.87
2018-02-08 01:37:50
Targarien,Озун кыргызсынбы?
+2
admin_superstan
2018-02-08 13:06:14
Targarien, кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
+2
bakulya2015
2018-02-08 01:09:55
Байкуш ай жаткан жери жайлуу болсун!
0
admin_superstan
2018-02-08 13:08:32
erkeleim, Kg.arts., башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. 5 күндөн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан