"Бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын системиндеги коррупция менен күрөшүү боюнча маанилүү маселе каралды", - деп Коопсуздук кеңештин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев жыйындын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган түзүмдөрдө коррупцияны жоюу боюнча атайын иш-чаралар ишке ашырылмакчы. "Жакын арада мамлекеттик ишмерлердин декларацияларын текшерүү системи орнотулат. Биринчи кезекте укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин бардык киреше-чыгашалары текшерилет. Кызматкерлер мыйзамсыз тапкан акчаларын корото албагандай механизмди түзөбүз", - деди Сагынбаев.
Мындан тышкары ал коррупциялык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштерин толук текшерип чыгуу пландалып жатканын айтты. Ошондой эле аталган органдардын кызматкерлерине башка бирөөнүн мүлкүн пайдаланууга тыюу салынарын баса белгиледи. "Айрым кызмат адамдары бирөөнүн үйүндө же батиринде жашап, бирөөнүн унаасын колдонуп жаткан фактылар бар. Эгер мындай факт аныкталса, үйдүн жана унаанын ээсин ар түрдүү текшерүүлөр күтөт", - деди Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары.
Сагынбаев бүгүнкү жыйында кабыл алынган чечимдин долбоору сунуштарды эске алуу менен, кабыл алына турганын баса белгиледи.