Сапар Исаков Дубай шаарында өткөн өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышты

Кечээ, 11-февралда премьер-министр Сапар Исаков Дубай шаарында өткөн өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда өкмөт башчы бир катар кызмат адамдары менен жолукту. “Air Arabia” авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али менен жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө тараптар авиация тармагындагы кызматташтык мүмкүндүгүн талкуулашты.

Премьер-министр Сапар Исаков "Air Arabia" авиакомпаниясынын башчысына өлкөбүздүн ыңгайлуу географиялык жайгашуусуна жараша Кыргыз Республикасы аркылуу жаңы авиакаттамдарды ачуу мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады. Ошондой эле Фуджейра эмиратынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки менен жолугушту.

Жолугушууда ар кыл тармактагы эки тараптуу өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Сапар Исаков эки өлкөнүн бизнес-түзүмдөрү ортосундагы ишкер байланыштарды чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары Исаков эл аралык валюталык фонддун тескөөчү-директору Кристин Лагард менен жолугушту. Кыргыз өкмөт башчысы жана Кристин Лагард кызматташтыктын абалын жана келечегин, экономикалык абалды жана учурда өлкөдө ишке ашырылып жаткан реформалардын жүрүшүн талкуулады.

Кыргыз премьер-министри Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар Аль-Хаджар менен кызматташтык тууралуу сүйлөшүштү. Исаков Бандар Аль-Хаджарга өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 10-15 жылга белгиленген узак мөөнөттүү кызматташтык долбоорго кол коюу боюнча макулдашты.

Исаков ири дүйнөлүк порт операторлорунун бири "DPWorld'дун" өкүлдөрү менен жолугушту. Анда биргеликте кызматташуунун келечеги жана компаниянын жакынкы арадагы инвестициялык планы талкууланды.

Премьер-министр саммитте сөз сүйлөдү. Ал белгилегендей, жаңы технологиялар ар бир мамлекеттин жана жалпы дүйнөнүн өнүгүүсүнүн учурдагы жана пайда болуучу көйгөйлөрүн чечүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Анын айтымында, аларга энергия, азык-түлүк, ичүүчү таза суу жана социалдык тейлөөлөргө, билимге, маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо, жаратылыш ресурстарынын жетишсиздиги, айлана-чөйрөнү коргоо жана калыбына келтирүү жана башка маселелер кирет.

"Технологиялар адамдын мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрөт. Ошол эле маалда ага технологияларды туура пайдалануу үчүн моралдык-этикалык жоопкерчиликти жүктөйт. Биз заманбап шарттарда улуттук экономиканын туруктуу өнүгүүсү алдыңкы технологияларсыз мүмкүн эместигин түшүнөбүз. Ошондуктан Кыргыз өкмөтү демилгени өз колуна алып, ресурстарды мобилизациялоо менен мамлекеттик башкарууга заманбап электрондук технологияларды киргизүү багытын алууда. Бул максатта "Таза коом" өлкөнү санариптик трансформациялоо программасы кабыл алынган", - деп сүйлөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан