Алина Шаикова мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков 14-февралда кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Аталган кызматты ушул жылдын июнь айынан тартып жетектеп келген Дастан Догоев жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматтан бошотулганы маалымдалган.
Шаикова Алина Кавылбековна
- 1971-жылы 28-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.
- 1994-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктап, экономист кесибине ээ болгон.
- 1995-1999-жылдары Мамлекеттик салык инспекциясынын Бишкек шаарындагы Свердлов району боюнча ага инспектору;
- 1999-2000-жылдары "Кыргызмунайзаттын" башкы экономисти;
- 2000-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын бөлүм башчысы;
- 2004-2008-жылдары Бишкек шаарындагы Свердлов райондук бюджеттик бөлүмүнүн башчысы;
- 2009-2012-жылдары Каржы министрлигинин алдындагы "Инфо-Систем" мамлекеттик мекемесинин директору;
- 2012-жылдын башынан сентябрь айына чейин Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын директорунун орун басары;
- 2012-жылдын сентябрь айынан 2013-жылдын май айына чейин каржы министринин орун басары;
- 2014-жылдын апрелинен 2015-жылдын октябрь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы;
- 2017-жылдын декабрь айынан бери Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп иштеп келген.
Үй-бүлөлүү.