Жарандар соттолгон-соттолбогону боюнча маалым катты алыш үчүн дале ИИМде узун кезектерде турууга мажбур. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылы депутаттар тиешелүү мыйзамды демилгелешкен, бирок ал күчүнө кирген жок. "Биз мындай маалым катты жоёлу дегенбиз. Керек болсо, ишканалар элди жүдөтпөй өздөрү ИИМге суроо жөнөтсүн. Бир кичинекей кагаз үчүн жарандар 2-3 күн жүрүшөт. Бул уят нерсе", - деди депутат.
"Өз учурунда премьер-министр менен бул тууралуу сүйлөшкөнбүз. Ал "Таза коом" долбоору боюнча аталган маалым каттар электрондук түрдө берилип баштайт деген. Эмнеге премьер-министрдин тапшырмасын өкмөт мүчөлөрү аткарышпайт? Уят да. Мен талап кылам. Биз кагаз үчүн кезек кылбай, электрондук систем кылыш керек", - деп кошумчалады Бекешев.