Өткөн жылдын декабрь айында гранттык негизде алынып келген медициналык "Тез жардам" унаалары тийиштүү талаптарга жооп бербегени үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кабыл алуудан баш тартууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-февраль күнү SUPER.KG'ге аталган министрликтин Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын жетекчиси Саматбек Тойматов билдирди.
Тойматовдун айтымында, медициналык "Тез жардам" унаалары өткөн жылдын декабрь айында өлкөгө келишимде көрсөтүлгөн убакыттан кечиктирилип алынып келген. Учурда унаалар автобазада токтотулуп турат.
"Унаалардын Бишкек жана Ош шаарларына бөлүнүүсү каралган. Өлкө аймагындагы чукул медицинаны өнүктүрүүгө багытталган келишим Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Немис-өнүктүрүү банкы ортосунда 2008-жылы түзүлгөн. Анын негизинде гранттык акча каражаты бөлүнгөн. Биринчи бөлүгүнө медициналык керектүү жабдууларды сатып алганбыз. Ал эми калган акча каражатка медициналык "Тез жардам" унаасын алууну чечип, тендер жарыялаганбыз. Тендерди чет элдик Dutch Health BV компаниясы утуп алып, өткөн жылдын 24-март күнү расмий келишим түзүлгөн. Ал келишимде бизге керек болгон унаалардын бүт талаптары толугу менен жазылган. Аталган компания келишимге ылайык, унааларды 2017-жылдын июнь айында алып келишсе, биз аларды бир айдын кийин ишке киргизишибиз керек болчу. Бирок унаалар ар түрдүү себеп менен кечиктирилип жылдын соңунда декабрь айында араң алынып келген", - деди Тойматов.
Айта кетсек, унааларды кабыл алууда атайын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп текшерген. Натыйжада келишимде көрсөтүлгөн бир нече талаптар аткарылбаганы аныкталган. Талаптардын бири болуп - унаанын ичи бейтапка жардам көрсөтүүгө, ичин бат-баттан тазалап жууп турууга ыңгайлашкан каражаттардан жасалуусу керек деген болгон. Бирок ал унаалар бул талаптарга жооп бербей калган. Ошол себептен унааларды аталган министрлик кабыл алуудан баш тартууда.
"Гранттык негизде бөлүнгөн акча каражаты биздин эсепке түшкөн эмес. Бирок азыркы маалыматтарга ылайык, унаалардын 80 пайыз акчасы төлөнүп, 20 пайызы калган экен. Биз аталган унааларды кабыл алууда баш тартабыз. Мүчүлүштүктөрүн жоюп берүүсүн талап кылып ушул жылдын 28-январь күнү аталган компаниянын өкүлү Эрнис Асанов менен жолугушуу өткөргөнбүз. Убадаланган унаалардан жооп жок. Буга чейин да кат жазганбыз. Министрдин атынан төлөнгөн акча каражатын кайтарып берүү өтүнүчү менен кат жиберип, учурда жооп күтүп жатабыз", - деп кошумчалады Тойматов.