БШКга Аида Салянованын иши боюнча айыптоо өкүмүнүн көчүрмөсү түштү

Борбордук шайлоо комиссиясына "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши боюнча айыптоо өкүмүнүн көчүрмөсү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

“БШКга көчүрмө 16-февралда түштү. “Ата Мекен” партиясынын тизмесинде кезекте турган талапкердин соттолгон же соттолбогонун текшерүү жана башкаларды тактоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөттүк. Мыйзам боюнча мамлекеттик органдар 1 айдын ичинде суроо-талапка жооп бериши керек”, - деди Бекматов.

Партиянын тизмеси боюнча кезекте Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабилова турат.

Эске салсак, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Мыйзамга ылайык, шаардык соттун өкүмү дароо күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан