Бишкек шаарында айдоочу апасы менен бараткан секелек кызды бир нече метр аралыкка ыргыта сүздү. Бул тууралуу маалыматты окуянын күбөлөрү билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 19-февраль күнү саат 17:00дөр чамасында Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде апасы менен бараткан секелек кызды унаа сүзүп кеткен.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, алар "Тез жардам" кызматын күтүшкөн эмес, кызды сүзгөн айдоочу аларды салып алып кеткен. Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы учурда бул факт такталып жатканын кошумчалады.