Бишкекте 15 көчөгө жол чырак орнотулат. Алардын арасында келинди кызы менен баратканда машина сүзгөн көчө да бар

Бишкек шаарындагы 15 көчөгө жол чырак орнотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын биринчи жарымында жалпы он беш көчөнүн кесилишине жол чырак орнотулат. Жол чырак орнотуунун негизги максаты - жол кырсыктардын санын азайтып, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо.

Бул көчөлөрдүн ичинде 9-февраль күнү жол кырсыгы болгон Элебесов-Витебск көчөлөрүнүн кесилиши дагы бар.

Эскерте кетсек, 9-февралда кичи автобус жол четинде баласын көтөрүп турган келинди сүзгөн. Келин алган жараатынан окуя болгон жерде каза тапкан. Анын эки жашар кызына операция жасалып оң буту кесилген. Ал эми кичи автобустун айдоочусуна кылмыш иши козголуп камакка алынган.

Жол чырак коюлуучу көчөлөрдүн тизмеси:

1. Элебесов – Васильев;

2. Бакаев – Грибоедов;

3. Шабдан баатыр – Исакеев;

4. Токомбаев – Нуркамал;

5. Токомбаев– Куттубаев;

6. Исанов – Бөкөнбаев;

7. Садырбаев – Семетей;

8. Өмүракунов – Тагай бий;

9. Махатма Ганди – Васильев;

10. Элебесов – Витебск;

11. Панфилов – Медеров;

12. Профсоюзная – П.Лумумба;

13. Анкара – Достоевский;

14. Шопоков – Жумабек;

15. Кулатов – Байтик баатыр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aralbek
2018-02-20 10:31:36
Кулатов Байтик баатырда светофор бар го илгертен эле
0
asdf
2018-02-20 14:14:10
Светофор койуш учун соссуз бир кырсык болуш керек беле?? Ушуларды мурдатан пландап жазаса болбойт беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан