Карамушкина чет элдиктерге асыроого берилген балдар боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылууда

Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина чет элдиктерге асыроого берилген балдар боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылууда. Ал бул тармакта бир канча мыйзамсыз иштер бар экенин айтып, ага карата кылмыш ишин козгоого укук коргоо органдары жолтоо болуп жатканын билдирди.

"Мен балдар үйүндөгү балдардын жоголушу, кароосуз калган балдардын чет элдиктерге асыроого берилиши боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылам. Чүй прокуратурасына УКМКдан кимдир бирөө телефон аркылуу чалып, кылмыш ишин ачууга жол бербей жатат. Бардык маалыматтар көрсөтүлүп, өткөрүлүп берилгенден кийин эмне үчүн Чүйдөгү балдар үйүнүн директорунун орун басары эле жумуштан бошотулуп калды? Балдардын кыймылы боюнча бардык аракеттерди жүргүзгөн негизги адамдар өз кызмат орундарында отурат. Эмне үчүн балдарды чет өлкөгө асыроого берген чет элдик уюмдун лицензиясы алынган жок? Аларды ким калкалап жатат?

Мен бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасына жана тийиштүү комитетке кайрылып, депутаттык комиссия түзүүнү жана асыроого берилген балдарды, мамлекеттик жана менчик балдар үйлөрүндөгү өспүрүмдөр боюнча маселени териштирип чыгууну сунуштайм. Мен жалгыз алсыз болуп жатам", - деди Карамушкина.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek83
2018-02-22 13:31:09
Бир жагынан туура эле айтат.Бирок кобунчо чет олкого бизде орус украин улутундагы балдарды алып кетишет болсо керек биздикилерди алышсада азыраак.
+1
BekAmir
2018-02-22 16:49:50
Туура
+1
Malik92
2018-02-22 17:13:32
Чет олкого бекеринен алып чыгып кетип жатышкан жок болуш керек?Органга сатып жиберишет.Биздин мамлекетти тоготушпайт,эч жерге барып арыздана албайбыз.Балдар кандай шартта багылып жатканын эч ким контрольдобойт.Биздикилер кичине столго илешип калышса болду;-эмнени,же кимди сатып жиберсем экен деп куну-туну ойлонушат.Кудай жазасын берсин саткындардын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан