Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну окуучу кыздарын мектепке жибербегендиги үчүн административдик айыпка жыгылды. Бул тууралуу облустук басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Сары-Камыш айылынын А.А. аттуу тургуну ислам дининде кыздар мектепте эмес, медреседе окуйт деп 2 кызынын мектепке баруусуна тыюу салып койгон. Ушул себептен кыздар мектептеги окуусун уланта албай калышкан.
Бул маселе боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, райондук жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жыйналыш өткөргөн. Бул окуя боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими менен кыздардын атасы 65-берененин негизинде административдик жоопкерчиликке тартылды.
Кыздардын атасы 4 ай дааватта болуп келген адам болгон.