Таласта дарыгерлер Бишкектен хирург барганга чейин бычактан жаракат алган адамдын кан тамырын колдору менен 7 саат кармап туруп, өмүрүн сактап калышты

Операция жасаган дарыгерлер: Т.Абдимуталипов, М.Ибраимов, Ж.Токтогулов.Бакай-Ата райондук ооруканасынын дарыгерлери Бишкектен хирург барганга чейин бычактан жаракат алган адамдын кан тамырын колдору менен 7 саат кармап туруп, өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 23-февралда аталган оорукананын дарыгери Таалай Абдимуталипов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, окуя 21-февралда болгон.

"Бизге 21-февралда саат 20:50лөр чамасында көкүрөгүнө курч нерсе менен жаракат алган 30 жаштагы тургунду алып келишти. Биз дароо аны текшерүүгө алып, хирургдардан; мен, кесиптешим Марип Ибраимов жана анестезиолог Жылдызбек Токтогулов үчөөбүз операция жасай баштадык. Бирок биз операция учурунда анын көкүрөгүнө сайылган курч нерсе өпкөсүн тешип өтүп, негизги чоң кан тамырды үзүп кеткенин көрдүк. Ал үзүлгөн кан тамырды улоого аракет кылдык. Бирок натыйжасыз болгондуктан Бишкектен атайын кан тамыр хирургун чакырууга аргасыз болдук. Ал түнкү саат 04:00дөн өтүп келди, ошол аралыкта биз кесиптешим экөөбүз, колубуз уюганда алмашып-алмашып үзүлгөн кан тамырды кармап турдук. Кийин ал келип, үзүлгөн кан тамырды улады", - дейт дарыгер.

Андан сырткары аталган жарандын өмүрүн сактап калууга Гүлбү Өмүрбекова жана Махабат Молдобекова аттуу медайымдар да көмөк көрсөткөнүн баса белгиледи.

Ошондой эле учурда операция жасалган жаран Бакай-Ата райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатканын, абалы туруктуу, бирок оор экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
maks94.kb
2018-02-23 14:44:21
Азаматсыынар
+36
gute
2018-02-23 14:48:23
Бизде Кыргызстанда Доктурлар негизи кучтуу, билимдуу болгону зар.плата аз медициналык аппараттар жетишсиз.
Азаматтар адамдын омурун сактап калыпсынар Алла ыраазы болсун!
+58
Dalil
2018-02-23 14:49:33
Азаматсыңар силердей дарыгерлер көп болсун.
+37
kgstan2014
2018-02-23 15:25:01
Сыйга татыктуу! Сыймыктанаарлык экенсинер!
+32
Pandora
2018-02-23 15:31:33
Колдорунуздарга береке
+29
tasnim
2018-02-23 15:42:37
Молодцы
+26
cholpon119966
2018-02-23 19:41:28
Таазим. Гиппократтын антын актапсыздар. Кем болбонуздар доктор байкелер. Дагы Далай омурлорду сактап чарчабай талыкпай элдин батасын алып эмгектене бериниздер.
+20
Gulnur1980
2018-02-24 09:42:03
Азаматсынар
+4
Pchelka85
2018-02-24 10:29:21
7 саат... Алышып, ажалдын колунан сууруп алып калышыптыр да!!!! Соз жок!!! Молодцы!!! Мына чыныгы докторлор!!!! Колунар менен тен карыгыла!!! Денсоолук!!! Алкыш!!!
+7
kenje-888
2018-02-24 10:57:32
Азаматтар аман болгула УУл кыздарынардын сый урмматтын коргуло!!!
+3
aldiyar97
2018-02-24 21:18:46
Негизи Марип байкенин колу женил дешет биздин райондун номер 1-врачы. Берки байкелерди тааныбайт экем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан