27-февралда интернеттеги баракчалардын биринде атайын "KGZCamgirls" деген топ ачылып, анда кыргыз кыздарынын жылаңач сүрөттөрү жарыяланган. Ал кыздардын Бишкектеги вебкам студияларда (онлайн режимде атайын төлөм үчүн кыздар видео аркылуу жылаңачтанып, аялуу жерлерин көргөзүп баштайт) иштеп, кызмат көрсөтүп жүргөнүн социалдык тармактагылар жазып чыгышты. Анда кыздардын жүздөрү жана аялуу жерлери даана көрүнгөн. Аталган топто жүздөгөн кыздардын бир нече сүрөттөрү коллаж түрүндө жүктөлгөн. Ал сүрөттөр видеодон скриншот кылып алынган.
Чуу жараткан сүрөттөрдү ким таратканы азырынча белгисиз. Мындай студиялар кыздар менен келишимдин негизинде иштешет. Келишимге ылайык, "иш берүүчүлөр" кыздардын ким экенин, кайда жашай тургандыгын жана башка алар тууралуу маалыматтарды жарыялабайт. Ошондой эле кыздарга алардын бул кызматы жашыруун болорун түшүндүрүп келишет.
Сүрөттөрдүн таркашы боюнча юрист Калыйнур Батыралиев: "Аталган окуя боюнча Жарандык кодекстин 19-беренеси "Өз сүрөтүнө болгон укуктун" негизинде сотко арыз менен кайрылышса болот. Эгерде сүрөттөгү адам акы үчүн сүрөткө түшсө, анын сүрөтүн жарыялоого жана таратууга ал адамдын макулдугу суралышы мүмкүн", - дейт.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: "Эгерде кыздар моралдык залал келтирди деп сотко арызданышса, анда жайылткан тарап административдик гана жоопкерчиликке тартылат. Анткени кыздар ошол кызматка өздөрү макул болуп барышкан. Кыздардын сүрөттөрүн кардар деле жайылтып коюшу ыктымал", - деп билдирди.