Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Иминов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Иминов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан тастыкташты.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Фархад Иминовдун мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы чын. Ал арызын өз эрки менен кечээ, 1-мартта жазган. Негизи депутат арызын жазып Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыруусу керек. Бирок биздин билишибизче, ал арыз азырынча БШКга түшө элек", - деп кабарлашты басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан