Казакстанда жаза өтөп жаткан Кыргыз жараны ачкачылык жарыялап, оозун тигип алды

Казакстандын Тараз шаарындагы түзөтүү абагында жаза өтөп жаткан Кыргыз өлкөсүнүн жараны Эркинбек Тентемишев ачкачылык жарыялап, оозун тигип алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-топтогу майып Эркинбек Тентемишев №158/4-түзөтүү абагынын жетекчилиги улутуна карата кемсинтип жатканын айтып, ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган.

Буга байланыштуу, акыйкатчы Кубат Оторбаев Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго кайрылды. Оторбаев Тентемишевдин укуктарын коргоо боюнча көмөк көрсөтүп жана анын билдирүүсү аныкталса, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну өтүндү.

Ошондой эле акыйкатчы институту Кыргыз жаранын экстрадициялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Тышкы иштер министрлигине кайрылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
TazaKyrgyz
2018-03-02 19:25:39
Дааа эч кимдин башына салбасын мындай ишти.Боордошум аман эсен мекенине кайт
+18
rysik79
2018-03-02 19:46:29
Очошуп калышкан го.
+5
Ajar007
2018-03-02 19:51:07
Оозун тиккен ге жеткиришкен экен, Казак туугандар
+16
arena2014
2018-03-03 19:46:10
Ajar007,анданда откорушот алар.
0
Zainidin96
2018-03-02 20:54:18
Даа жаман иш болуптур
+5
Birimdik5555
2018-03-03 00:56:05
Эсен-аман эли жерине кайт ылайым
+4
aza84
2018-03-04 16:46:13
Акыйкатчы институту же бийлик кыргызстанга алып келсе болмок бул адам подстава менен отурарат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан