Жолдо жүрүү эрежесин бузган жарандарга 500 сом өлчөмүндө айып салынат

Жолдо жүрүү эрежесин бузган жарандарга 500 сом өлчөмүндө айып салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган башкармалык жөө адамдардын жол эрежелерин бузуусу боюнча рейд өткөрүүдө.

"Бул рейддин жүрүшүндө унаа жүргөн жолдун атайын белгиленген жеринен эмес, туш келди кесип өткөн жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган жөө жүргүнчүлөргө айып салынат. Тактап айтканда, административдик жоопкерчиликтин 247-беренеси (жөө жол кыймылынын эрежелерин бузуу) боюнча 500 сомдон айып пул салынат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
gute
2018-03-06 13:44:23
Туура пешеход менен отуш керек. Бирок кээ бир жолдордо пешеходдун краскасы очуп корунбой калган ошолорду жыл сайын краскалап жанылап тургула
+9
Dalil
2018-03-06 14:04:59
Анда Ош базарынын айланасына бардык патрулдук милицияны тизип койгула. Эң көп жөө жүргүнчүлөр Ош базарынын айланасында жолдо жүрүү эрежелерин сакташпайт.
+8
Dembele84
2018-03-06 14:16:52
Копчулук элдер туш келди каалаган жеринен отот малга окшоп,ошолорго айып салыш керек туура.А кээ бир айдоочулар зебрадан адамды карабай газды басып отот,кээлери даже зебрадан отуп кетип аткан адамды согот качпайсынбы жолдон деп.
+5
Rifle_I
2018-03-06 14:25:45
Мамлекет алдын ала түүндүрүү иштерин жүргүзүп, мектептерге атайын жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүү боюнча программаларды киргизиш керек.
Жок. Андай кылууга акча керек.
Келгиле андан көрө билбегендерден акча жыябыз деген ойду карманат.
Кокусунан фараны күйгүзбөй калып, же ремень такпай калсаң да эскертүү бербейт.
Урматтуу айдоочу, ремень такпай каддыңыз. Тагып алыңыз. Сак болуңуз деп айтып койсо, экинчи жолу унутпайбыз го.

Жумуш ордун түзүп, элдин жашоо деңг
+5
BekAmir
2018-03-06 17:26:52
Эн туура. Туура эмес жерлерден отушот. Айтсан пешеход всегда прав дешет
+4
Shef87
2018-03-06 18:15:07
Дароо эле айып пул деп акча ондургонго чыга калбай эн оболу жол белгилерин койуп зебраларын краскасын жеп койбой дааналап чийип анан ойлонсо болмок
0
Kanybek121195
2018-03-06 19:55:30
Еми суроо.Мисалы мен жөө жүрүү жол эрежесин буздум анан мени кармады аты фамилиянды айт десе мен башка адамды айтып койсом не болот??? Азыр еч ким паспорт көтөрүп жүрбөйт.
-2
OKEI
2018-03-06 20:30:42
Kanybek121195,био паспортто суротун барда ошону менен билсе болот
0
Kanybek121195
2018-03-06 21:37:01
OKEI,сен паспортунду көтөрүп жүрөсүнбү жанында көчөдөн кармап алса же емне үйүнө барып паспортун көрүп анан штраф салабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан