"Салам, сен муну окуп жатканда мен жок болом. Менин өлүмүмдөн кийин бул дүйнөнүн жакшы болушун каалайм. Биз бактылуубуз жана эркинбиз. Менин жашоом ушундай кыска болуп калганы өтө өкүнүчтүү". Мындай сөздөрдү белгисиз адам 6-мартта Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы облустук китепкананын дубалдарына жана терезелерине жазып кеткен. Учурда ал адамды милиция издеп жатканын Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков SUPER.KG'ге кабарлады.
"Бул боюнча ыкчам тергөө тобу китепканага барып, жазуулар боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми жеринде аймактык милиция кызматкерлери да тийиштүү иштерди аткарышууда. Азырынча жазууларды ким жазганы белгисиз", - деди Сыдыков.
Анда "М.М. 1996-2018, Мека, 06.03.2018" деген да жазуулар бар.