Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын жөлөк пул боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо маселеси бир топко чейин талаш-тартыш жаратты. Депутат Жанар Акаев буга чейин комитетте да мыйзам шашылыш каралганын айтты.
"Кечээ Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети да талаш менен мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алганбыз. Жыйындын башталарына жарым саат калганда документтерди берди. Анан биз маселени караганга аргасыз болдук", - деди Акаев.
Депутат Зиядин Жамалдинов мыйзам иштеш үчүн шашылбай, кылдат иштеп чыгуунун зарылдыгын айтты.
"2018-жылы 1-январда бул мыйзам иштебей калды. Ошондо да демилгечилер мыйзам керек деп шаштырып кабыл алдырышкан. Эмнеге шашабыз? Азыр эл жөлөк пулду эски мыйзам менен алып жатат. Биз сапаттуу иштей турган мыйзам кабыл алалы", - деди Жамалдинов.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков буга чейин мыйзам долбоор эки комитетте каралганын эскертти.
Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов Дастанбек Жумабековду мыйзамдуулукту сактоого чакырды.
"Сиз өкмөттүн мүчөсүндөй аларды коргоп жатасыз. Бул мыйзамдын башында сиз тургансыз. Талашсыз маселе болсо сөз жок эле. Позицияны карманып төрагадай болбойсузбу?! Ушул жерден депутаттар мыйзам бузулуп жатканын чыркырап айтып жатат", - деди Сулайманов.
Жыйынтыгында бул маселе күн тартибине киргизилген жок.