Өлкөгө келген туристтерге 20 долларга чейин бажы төлөмүн киргизүү сунушталды

15-мартта Жогорку Кеңеште салыктык эмес кирешелер боюнча мыйзам долбоору каралууда. Анда депутат Сайдулла Нышанов өлкөгө келген туристтерге 20 долларга чейин бажы төлөмүн киргизүүнү сунуштады.

"Жылдан жылга туристтердин келиши көбөйүп жатат. Ошондуктан ар бир келген туристтерден 10 доллардан 20 долларга чейин бажы төлөмүн киргизип койсок. Бул сырттан келген туристтер үчүн болбогон акча. Биз деле Дубайга барганда аэропорттон эле 40-50 доллар бажы төлөмүн алып калат. Менимче бизге төлөгөнгө ыңгайлуу кылып, ошондой төгүм киргизип койсок болот", - деди Нышанов.

Каржы министри Адылбек Касымалиев бул сунушту кылдат иликтеп чыгуу зарылдыгын айтты.

"Мен бул боюнча азыр жооп бергенден алысмын. Анткени аны иликтеп чыгуу керек. Бул туристтердин келишине таасир берип калышы мүмкүн. Ошондуктан тактап көрөлү", - деди Касымалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baisogur
2018-03-15 16:44:54
Бул Дубай эмес,Кыргызстан деп койот салык салсак Туристер кескин кыскарат ансыз деле зорго жарнамалар менен араң турист тартырып жатабыз тууган
+7
Nokia
2018-03-15 16:49:37
озу Кыргызстанга туристер аз келет, анан салык салсанар такыр эле келбей койотко
+7
Aidar.001
2018-03-15 16:50:33
2, 3 жылда бизге эчким келбей калат анда, Дубайга тен келбей эле кичи пейил калк боло берели, ансыз да ал акчалар элге эмес бирин эле жеп аласын
+6
Aidar151080
2018-03-15 21:02:51
Бул чоңдорду эмне кылыш керек?. Буларга сөз деле жок болуп калды го.
Акылдууга бир айт, акылсызга миң айт. Кантип акча жеш керек деген эле ой болуп калган го буларда. Бир нерсени чыгарып койуп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан