Ар бир бийликтин тушунда сөз эркиндигине ар башка ыкма менен кысым болуп келген. Мындай пикирин бүгүн, 23-мартта сөз эркиндигине арналган тегерек столдо Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков айтты.
"Сөз эркиндиги болбосо, президент, өкмөт, сот кандай иштеп жатканын айта албайбыз. Бул мамлекеттин эртеңине зыянын тийгизет, коррупциянын өсүшүнө бөгөт коюлбайт. Жогорку кызматтагы адамдар чыдамкай болушу керек", - деди экс-депутат.
"Ар бир бийликтин тушунда сөз эркиндигине, журналисттерге ар башка ыкмада басым жасалган. Акаевдин учурунда басым Салык инспекциясы аркылуу жүргүзүлсө, Бакиевдин учурунда өлтүрүү, сабап кетүү менен сөз эркиндигин чектешкен. Ал эми Атамбаевдин учурунда ири суммадагы айыпка жыгуу менен жүрүп жатат", - деген оюн билдирди Жээнбеков.