Кыргыз жеринде жогорку окуу жайлардын ректорун шайлоо тартиби өзгөрүшү мүмкүн. Жогорку Кеӊештин депутаты Жыргалбек Турускулов "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүнү сунуштап, демилге коомдук талкууга коюлду.
Жаӊы сунушка ылайык, шайлоого катышкандардын 50 пайыздан ашыгынын добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет. Эгерде талапкерлердин эч бири 50 пайыздан ашык добуш ала албаса, кайра шайлоо өткөрүлөт. 2-турга эң көп добуш алган 2 талапкер катышып, 50 пайыздан ашык добуш алган талапкер шайланды деп табылат. Шайланган талапкер премьер-министр тарабынан 5 жумушчу күндүн ичинде жогорку окуу жайдын жетекчиси кызматына бекитилүүгө тийиш.
Азыркы тапта ректорлукка шайлоодо алдыга чыккан 3 талапкердин бирин премьер-министр кызматка бекитет. Бул 3 талапкердин ректорлукка шайланууга укуктары бирдей болот.
Турускулов колдонуудагы мыйзамга ылайык, премьер-министр алдыга чыккан 3 талапкердин азыраак добуш алганын кызматка дайындап, жогорку окуу жайдын жамаатынын пикири эске алынбай калышы мүмкүн экенин айтып жатат.