28-март Орусияда аза күтүү күнү деп жарыяланды

64 адамдын өмүрүн алган Кемерово шаарындагы соода борборундагы өрт кысыгынан улам, 28-март аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жарлыкка өлкөнүн президенти Владимир Путин кол койду.

Жарлыкка ылайык, Орусияда эртең өлкөнүн бардык жерлеринде мамлекеттик туу түшүрүлүп, көңүл ачуучу оюн-зооктор токтотулат.

Эске салсак, 25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" аттуу соода борборунун 4-кабатынан чыккан өрт балдар аянтчасы менен бир нече кинотеатрды каптаган. Расмий маалымат боюнча, өрттөн 64 адам каза тапса, анын 41и жаш балдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
s81
2018-03-27 20:17:41
Кайгыны тең бөлүшөм Путин брат
+7
wirin
2018-03-27 22:18:53
жаман болуптур кобу жаш балдар экен
+1
Baku88
2018-03-27 22:52:18
Өтө жаман иш болду Кудайым сактасын өлгөндөрдүн жаны жанната болсун. Ушундай кырсыктан Кудайым кыргыз элин сактасын. Бизде да шалаакылар толтура тез аранын ичинде текшерүүгө алыш керек кырсык болбосун бирок сактыка кордук жок дейт
0
Baku88
2018-03-27 22:54:02
Кудайым ай балдар олбосунчу деги байкуштар чыркырап гана кете беришти тирүүлөй
0
Nuri952311
2018-03-28 01:25:45
Кемеровонун жашоочулары айтып жатышатко 300го жакын адам олду журналисттер жашырып жатышат деп кобу жаш балдар болгон деп
+1
umar.kgz
2018-03-28 01:50:43
300-400 адам каза болду деп жатышаттар го.чынбы бул
+1
Alinatka
2018-03-28 02:31:05
umar.kgz,тастыкталбаган маалымат боюнча 500жетти дешип жатышат,бул нерсе кобу больницада ищтегендер и милициялар гана айтып жатышат деп жатышат
+1
aydinnur
2018-03-28 01:52:42
Жаман окуя болду (((көбү жаш балдар (((
0
Dina.janym
2018-03-28 13:44:27
Жүрөгүң ооруйт... чогуу иштешкен орус аял, көз жашын тыя албайт, аны көрүп жүрөгүм ооруйт((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан